Ысык-Көлдө жүк ташуучу унаалардын тетиктерин уурдоо менен алектенген топ кармалды

Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Облустук милициядан белгилешкендей, июль айынын ортосунда Каракол шаарында жүк ташуучу унаалардын тетиктерин уурдоо учурлары көбөйгөн. 17-20-июль күндөрү Каракол шаардык милициясына 4 тургун кайрылып, жүк ташуучу унааларынан тетиктери уурдалганын билдиришкен. Анын айынан жабырлануучуларга 47 миң сом зыян келтирилген.

Аталган фактылар боюнча Жазык кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иштери козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмыштарга тиешеси бар жарандардын аты-жөнү аныкталып, колго түшүрүлгөн. Алар Ак-Суу районунун 34 жаштагы А.С., М.М. жана Жети-Өгүз районунун 25 жаштагы У.Н. аттуу тургуну болуп чыгышкан.

«Алгачкы сурак учурунда кылмышка шектүүлөр күнөөлөрүн моюнуна алды жана алардан далил заттар алынды», — деп билдирет облустук милиция.

Шаардык соттун чечими менен М.М. аттуу шектүү эки айга камакка алынса, калгандары үй камагына чыгарылган.

Учурда шектүүлөрдүн башка ушундай кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.