Ысык-Көлдө 23 адам кырсыкка учурап, экөө каза болду

Балыкчы–Ананьево–Каракол унаа жолунун 24-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter жана Mitsubishi үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, кырсык бүгүн, 3-августта саат 07:40та болгон.

Кырсык болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. «Жалпы 23 адам кырсыкка учурап, үчөө Балыкчы шаарынын оруканасына жеткирилген. Ал эми эки жүргүнчү жеринде каза болгон, алардын сөөгү милиция кызматкерлери өткөрүп берилген», — деп айтылат маалыматта.

whatsapp image 2022 08 03 at 11 33 23 1 Ысык-Көлдө 23 адам кырсыкка учурап, экөө каза болду
297418542 431059349066797 6148202431317981434 n Ысык-Көлдө 23 адам кырсыкка учурап, экөө каза болду