Алтынбек Жумаев Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Жумаев Алтынбек Мусаевич Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин Жумаев Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчилигинен бошотулду.