ИИМ: Бишкекте тергөө-ыкчам бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн окуу семинары болуп өттү


2022-жылдын 2-августунда Ички иштер министрлигинин демилгесинде ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен тергөө-ыкчам бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн «Кыргыз Республикасынын ИИОнун кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза жана Жазык-процесстик кодекстерди укуктук колдонуунун негиздери» темасында окуу семинары болуп өттү.


Бул иш-чарага ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин полиция маселелери боюнча кеңешчиси Константин Бедарев жана ИИМдин Укуктук камсыздоо башкармалыгынын бөлүм начальниги милициянын майору Нурлес Өмүралиев катышты.
Өз сөзүндө Константин Бетарев 2021-жылдын 1-декабрында тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын КЖК жана КЖПК ченемдерин ишке ашыруу жана укук колдонуу формаларына жана ыкмаларына тергөө-ыкчам бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин окутуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

WhatsApp Image 2022 08 03 at 08.50.42 ИИМ: Бишкекте тергөө-ыкчам бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн окуу семинары болуп өттү


Бул семинардын негизги максаттары болуп жарандар менен өз ара аракеттенүү жана сылык мамиле кылуу маселелери боюнча билимдерди өркүндөтүү, этиканы сактоо, тергөө алдындагы текшерүүнүн жүрүшүндө инсандын ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоо принциптерин сактоо; кылмыштарды сапаттуу, толук иликтөө көндүмдөрүн өздөштүрүү жана жазык мыйзамын туура колдонуу, ошондой эле шектүүлөрдүн, күбөлөрдүн жана жабырлануучулардын көрсөтмөлөрүн талдоо жана суракка алуу көндүмдөрүн өркүндөтүү болуп саналат.

WhatsApp Image 2022 08 03 at 08.50.41 ИИМ: Бишкекте тергөө-ыкчам бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн окуу семинары болуп өттү


Семинардын жыйынтыгында катышуучулар өз ишмердүүлүгүндө укук колдонуу практикасынын артыкчылыктуу багыттары жана көйгөйлөрү жөнүндө өз ой-пикирлери менен бөлүшүштү.