Дайынсыз болгон 12 жашар эки кыз түндө табылды

Араван районунда дайынсыз жоголгон 12 жаштагы эки кыз табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2-август күнү Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 39 жаштагы тургуну С.И. Араван РИИБге арыз менен кайрылып, анда 2-август күнү саат 05:00 чамасында 12 жаштагы С.М. аттуу кызы менен кызынын досу — 12 жаштагы А.Н. үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирген.

Аталган маалымат 2-август күнү саат 13:26да Араван РИИБге каттоого алынган. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2-август күнү саат 05:00дөр чамасында 12 жаштагы С.М. менен анын бөлөсү ошол эле көчөнүн тургуну 12 жаштагы А.Н., үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жаткандыгы аныкталган. Алар үйдөн чыгаар алдында кат жазып кетишкен.

Издөө иштери Араван РИИБдин өздүк курамы тарабынан жүргүзүлүп, 3-августка караган түнү саат 01:02 чамасында Ош шаарынын «Ак-Буура» эс алуу паркынан табылып, сак-саламат ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Кыздардын ата-энелерине кыздар менен болгон мамиле боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле социалдык кызматкерлерге көзөмөлдөө боюнча сунуштар берилди.

WhatsApp Image 2022 08 03 at 10.54.03 Дайынсыз болгон 12 жашар эки кыз түндө табылды