Жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочуну кайгуулчулар кармады

Кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 24-июлунда болжол менен саат 12:30 чамасында белгисиз айдоочу белгисиз авто унаа менен Юнусалиев көчөсү менен түштүк багытка бара жатып, «Бетон Сторесс 2» соода борборунун тушунан жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 2006-жылы туулган Т. А. аттуу кызды сүзүп, окуя болгон жерден белгисиз тарапка качып кеткен.

Натыйжада жол кырсыгынан жөө жүргүнчү жабыркап ооруканага жеткирилген.

Бул факты боюнча кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иштерин жүргүзүп, кылмышка шектүү катары чет өлкөлүк номурлуу Хонда-Фит үлгүсүндөгү авто унаанын 2003-жылы туулган А. Н. аттуу айдоочусун кармашып, андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн, Тергөө кызматына жеткиришкен.