Үч жаран оор абалда: BMW автоунаасы андан ары сүрүлүп барып, беш жөө жүргүнчүнү сүзүп алган

Бишкекте Патриса Лумумба жана Волкова көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Fit менен BMW үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, BMW автоунаасы андан ары сүрүлүп барып, беш жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Үч жаран реанимацияга жаткырылган.

Учурда автоунаалар айып короо жайына токтотулуп, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.