Кызыл-Кыяда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-июнь күнү саат 18:00 чамасында нөшөрлөгөн жаандан улам И.Жусубалиев, Ударная көчөлөрүндө сел суулары келип, 24 турак үйдүн короосуна, 17 турак үйдүн ичине жана жертөлөсүнө, социалдык объектилердин короолоруна сел суулары кирген.

Учурда сел сууларынан тазалоо иштерине ӨКМ жалпы 117 куткаруучу тартылып, жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

whatsapp image 2022 06 20 at 09 44 12 Кызыл-Кыяда өзгөчө кырдаал режими киргизилди