Кыргызстанда жаш өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштуулуктун саны өсүүдө

Бул туурасында ИИМ билдирет.

Жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалып жаткан кылмыштуулуктун көбөйүшүнүн бирден бир себеби түнкү маалда улуулардын коштоосу жок көчөлөрдө кароосуз жүргөндүгүн жүйөө кылат ички иштер министрлиги.

Ошондуктан Ички иштер министрлиги ата-энелерге кайрылат.


«Балаңыздарга кең келечек кааласаңыз, жакын досуна айланып, ишенимдүү тиреги болуп бериңиздер. Алар сиздердин мээримиңиздер менен колдооңуздарга гана муктаж. Бирге балдарыбыздын коопсуздугун камсыздап, бактылуу балалыкты тартуулап, татыктуу таалим-тарбия берели»,-деп айтылат маалыматта.


Мындан сырткары, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы маалымдагандай, жаш өспүрүмдөргө карата 2022-жылдын 3 ай ичинде 713 кылмыш жасалган.
Ал эми, өспүрүмдөр тарабынан 2022-жылдын 3 ай ичинде 321 кылмыш жасалып, бардыгынын бети ачылган.


Мындан улам ИИМги ата-энелерге кайрылуу жасап, балдарга камкордукту күчөтүү керектегин белгиледи.


«Урматтуу ата-энелер, балдарыңыздардын жаркын келечегине салымыңыздарды кошуңуздар. Балдарга болгон камкордук-жаркын келечекке кошкон салым!»