Кыргызстандын спортчулары күрөштө 4 медаль утушту

0
17

Күрөш боюнча Азия чемпионатынын (U-17) биринчи күнүндө Кыргызстандын спортчулары 4 медаль утушту.

Турнир 19-июнда Бишкекте башталган. Биринчи күнү грек-рим күрөшү боюнча 7 комплект медаль ойнотулду.

Кыргызстандыктар 2 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медалга ээ болушту.

Кыргызстандыктардын 19-июндагы жыйынтыгы:

45 кг чейин

4-орун — Өмүр Ынтымак уулу

48 кг чейин

5-орун — Бекболсун Бейшенкулов

51 кг чейин

2-орун — Кубаныч Аринов

55 кг чейин

3-орун — Абдулахадхожа Абдуллаходжаев

60 кг чейин

1-орун — Жантөрө Мирзалиев

92 кг чейин

1-орун — Нурболот Сыргабай уулу

110 кг чейин

5-орун — Бахрам Курбанов.