ИИМ: Өз өлкөсүндө оор кылмышты жасоого шектелип издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Өзбекстандын Ички иштер министрлигинен Өзбекстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 46-беренеси (сот белгилеген жазадан качуу), 164-беренесинин 3-бөлүгү (каракчылык) жана 97-беренесинин 1-бөлүгү (адам өлтүрүү) кылмыштарды жасаганы үчүн издөөдө жүргөн 1992-жылы туулган Б.И. тууралуу маалыматы түшкөн.


Коңшу өлкөнүн ички иштер органдары ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүгө жана оор кылмыштарды жасаганы үчүн 2020-жылдан бери издөөдө жүргөн Өзбекстан Республикасынын жаранын кармоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан.
Эл аралык укуктук актыларга ылайык жана эки өлкөнүн ички иштер министрликтеринин ортосундагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары өткөрүлдү.


Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жогорудагы издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандын жүргөн жерин аныкташкан. Кармалган адамды өз мекенинде кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн экстрадициялоо маселеси каралып атат.