Дайынсыз жоголгон жашы жете элек кыз Бишкектен табылды

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош облусунун Араван райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун кайрылып, 2005-жылы туулган жашы жете элек кызын издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранган. Ал ушул жылдын 3-июнь күнү саат 16:00 чамасында үйдөн чыгып кеткени, андан кийин дайынсыз жоголгону маалымдалган.


Аталган факт Араван райондук милициясына катталып, издөө иштери башталган. Ал Бишкектин аймагында болушу мүмкүн деген маалыматтар дагы текшерилген.


Дайынсыз жоголгон кыздын жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-бөлүмүнүн издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.


2022-жылдын 14-июнунда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагынан жашы жете элек кызды табышкан. Андан ары туугандарына өткөрүп берүү үчүн Ички иштер министрилигинин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча борборуна жеткирилген.