ИИМ: Банктык картаңыздын маалыматын белгисиз адамдарга ачыктабоону сунуштайбыз

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Банк картасы – бул төлөмдөрдү жүргүзүү жана эсептеги накталай акчага жетүү куралы, бул үчүн банкка барууну талап кылбайт. Бирок банк карталарын колдонуунун ыңгайлуулугу кылмышкерлер өздөрүнүн кылмыштуу ойлорун ишке ашыруу үчүн бир канча жеңилдиктерди жаратат.


БУЛ КАНТИП УЮШТУРУЛГАН:


Сиз банк картаңыз бөгөттөлдү деген билдирүү аласыз. Толук маалымат алуу үчүн белгилүү бир номурга бекер чалуу сунушталат. Көрсөтүлгөн номурга чалганыңызда, сизден картаны тейлөөгө жооптуу сервер иштебей калгандыгы жөнүндө кабарланат, андан кийин сизден картанын номурун жана аны кайра каттоо үчүн ПИН-кодду берүү суралат.
ЧЫНДЫГЫНДА БУЛ АРАКЕТТЕРДИН АРТЫ МЕНЕН СИЗ КЫЛМЫШКЕРЛЕРДИН ТОРУНА ТҮШҮП КАЛЫШЫҢЫЗ МҮМКҮН. КАНДАЙЧА:
Сизди тоноо үчүн кылмышкерлерге сиздин картаңыздын номуру жана PIN-код гана керек. Сиз аларга кабар бергениңизде, акча эсебиңизден чыгарылат.


МЫНДАЙ АБАЛДАН КАНТИП ЧЫГУУ КЕРЕК:
Телефонуңуз же банк картаңыз жок экенин байкасаңыз, аны бөгөттөңүз. Мобилдик банкинг кызматына тез арада көңүл буруңуз. Телефон номуруңузду өзгөрткөн болсоңуз, дароо банкка кабарлаңыз!
Карта жоголгондо аны тез арада бөгөттөнүз!
Картага байланышкан маалыматтарыңызды мезгил-мезгили менен текшерипт туруңуз: электрондук почта жана уюлдук телефондор. Эгерде сиз бул операцияны жасабасаңыз, акча каражаттарын эсептен чыгаруу жөнүндө кабар алсаңыз, дароо банкка кайрылыңыз.
Эгерде банктык картадан акча жоголсо, анда сиз дароо акча каражаттарынын уурдалгандыгы тууралуу арыз менен милицияга кайрылышыңыз керек жана талаштуу операция жөнүндө арыз менен банкка кайрылып, арыздын көчүрмөсүн милицияга тиркеп, жардам сурап кайрылышыңыз керек.


Ички иштер министрлиги бардык пластикалык карта ээлерине коопсуздук эрежелерин сактоону сунуштайт:

  • картаңыздын PIN-кодун эч кимге айтпаңыз. Аны эстеп гана жүргөн жакшы. ПИН-кодуңузду каражатыңыз салынган сейфтин ачкычы катары караңыз. Сиз PIN-кодду картанын жанында сактабашыңыз керек. PIN-кодду картага жазып койгон учурда сиз картаны уурдатып же жоготкондо, аны блоктогонго жана эсебиңизди коргоого да үлгүрбөй каласыз;
  • карта менен операцияларды жүргүзүүдө коопсуз жерлерде жайгашкан жана видеокөзөмөл тутуму менен жабдылган жана коопсуздугу күчөтүлгөн банкоматтарды гана колдонуңуз: мамлекеттик органдарда, банктарда, ири соода борборлорунда ж.б. жайлардагы. Банкоматтарды видеокөзөмөлү жок колдонгон жарандар кылмышкерлердин кол салууларына дуушар болушу мүмкүн;
  • пластикалык картаңызды эч ким колдонбошу керек;
  • картаны банкоматтын кабыл алуусуна жана клавиатурасына көңүл буруңуз. Эгерде алар кандайдыр-бир кошумча аппараттар менен жабдылган болсо, анда бул банкоматты колдонуудан баш тартып, анда көрсөтүлгөн телефон номуруна чалып, шектенүүлөрүңүздү билдиргениңиз оң;
  • банкомат туура эмес иштеген учурда – эгерде ал узак убакыт күтүү режиминде болсо же өзүнөн-өзү кайра жүктөлсө, аны колдонуудан баш тартыңыз. Аны кылмышкерлер кайра программалаган болушу ыктымал;
  • соода түйүндөрүндө, ресторандарда жана кафелерде пластик картаңыз менен колдонулган бардык акциялар сиздин катышуусуңузда болушу керек. Болбосо, кылмышкерлер сиздин картаңыздын реквизиттерин атайын аппараттар аркылуу алып, кийинчерээк жасалмасын жасоо үчүн колдонушу мүмкүн.