Нарын районунда профилактикалык иштер уланууда

Нарын ОИИБи:Нарын районунда профилактикалык иштер уланууда.

Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Нарын районунун аймагында жайгашкан айыл тургундарына кылмыштуулукту болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен учурда жай мезгили келгендигине байланыштуу өспүрүмдөр ата-энесинин жана чоң адамдардын көзөмөлү жок көлмөлөрдө каналдарда өз алдынча сууга түшүшүп ар кандай кырсыктарга жана сууга чөгүп кетүү коркунучтарына кабылган учурлар болгондуктан өспүрүмдөр арасында профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

WhatsApp Image 2022 07 12 at 08.52.23 1 Нарын районунда профилактикалык иштер уланууда
WhatsApp Image 2022 07 12 at 08.52.23 Нарын районунда профилактикалык иштер уланууда

Ошондой эле агымы күчтүү суулардын жээктерине эскертүү такталар орнотулуп, алдын -алуу субьектилери менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасы менен биргеликте жеринен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен
жашы жете электерге карата жасалган укук бузууларды, зордук-зомбулукту жана башка кырсыктардын алдын алууда Нарын РИИБнүн кызматкерлери жеринде иш алып барып жатышат.

Окуучуларга жайкы каникул убагы башталгандыктан жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, зордук-зомбулукту, топтошуп мушташуунун алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө.

WhatsApp Image 2022 07 12 at 08.52.22 Нарын районунда профилактикалык иштер уланууда

Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы