Соңку суткада СOVID-19 инфекциясынын 28 учуру аныкталды

Кыргызстанда бир суткада СOVID-19 инфекциясынын 28 учуру аныкталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, оорунун белгилери байкалган 20 адам дарыгерлерге кайрылышкан, эки учур Өзбекстан жана Казакстандан келген бейтаптар, 6 адам учакка ПЦР изилдөө учурунда коронавирус аныкталган.

Эки адам ооруканага жаткырылды. Аныкталган 28 адамдын алтоосу COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан 201 243 адамда пневмония жана COVID-19 учуру катталды.