“Кыргызтелеком” Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилди

«Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун баалуу кагаздарын кармоочулардын тизмелерине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Бул Кыргызстандын министрлер кабинетинин ушул жылдын 10-майындагы токтомуна ылайык акциялар Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилди.

«Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү тутумунда «Кыргызтелеком» ААКнын акцияларынын негизги пакети 13-июндан баштап санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилди», — деп билдирет «Кыргызтелеком».