TikTokтун колдонуучусу meerim_kn ЖКнын вице-спикери Нурбек Сыдыгалиевдин кызы эмес

0
155

TikTok тиркемесинин колдонуучусу meerim_kn өзүнүн жеке жашоосун чагылдырып, видеодо Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиевдин кызы экенин айткан.

Буга жооп кылып аткаминер Нурбек Сыдыгалиев ал анын кызы эместигин билдирди.

«Менин 4 балам бар, улуу кызым турмушта. Кичүү кызым гимнастика боюнча спорттун чебери, Бишкек шаарынын төрт жолку чемпиону. Эки уулум бар, алар 12 жана 7 жашта», —деп билдирди Сыдыгалиев.