ИИМдин Ички аскерлеринин 714 аскер бөлүгү эл аралык турнирде 1-орунду багындырды

Аскердик кармашып урушуу боюнча эл аралык турнирде ИИМдин Ички аскерлеринин 714 аскер бөлүгү 1-орунду багындырды
2022-жылдын 17-19-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” ден-соолукту чыңдоо борборунда “Мен патриот” аталышындагы Аскердик кармашып урушуу боюнча эл аралык турнир өттү. Бул эл аралык турнир Баткендеги чек ара окуяларында курман болгон аскер кызматчыларынын жаркын элесине арналып, өткөрүлө турган спорттук иш-чарага Россия, Казакстан, Өзбекстан баштаган бир катар мамлекеттерден спортчулар келген.


Ага ИИМдин Ички аскерлеринин 714 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары дагы катышып, спорттогу тажрыйбалуулугу менен мыкты көрсөткүчтөргө жетишишип, командалык эсеп менен 1-орунду багындырышты.

WhatsApp Image 2022 06 20 at 10.00.19 ИИМдин Ички аскерлеринин 714 аскер бөлүгү эл аралык турнирде 1-орунду багындырды


Орундарды багындырган аскер кызматчылары:


1-орунду 60 кг салмак категориясы боюнча сержант М. Черикбаев, ал эми 65 кг салмактагы категориясы боюнча улук лейтенант О. Аширбеков, 80 кг салмак категориясы боюнча кенже сержант Б. Мукашев ээлешти;
2-орунду 70 кг салмак категориясы боюнча кенже сержант Толок уулу А. багындырды;
3-орунду 70кг салмак категориясы боюнча кенже сержант Суеркул уулу А.,75кг салмак категориясы боюнча кенже сержант Торобек уулу У., 90 кг салмак категориясы боюнча кенже сержант Сайырбек уулу К. ээлешти.
Ошондой эле, мелдештин мыкты машыктыруучусу грамотасы менен капитан А.Темиралиев, аскердик кармашып урушууда мыкты техниканы көрсөткөндүгү үчүн грамотасы менен улук лейтенант Рахатбек уулу А. сыйланышты.

WhatsApp Image 2022 06 20 at 10.00.20 ИИМдин Ички аскерлеринин 714 аскер бөлүгү эл аралык турнирде 1-орунду багындырды


ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы

WhatsApp Image 2022 06 20 at 10.00.20 1 ИИМдин Ички аскерлеринин 714 аскер бөлүгү эл аралык турнирде 1-орунду багындырды
WhatsApp Image 2022 06 20 at 10.00.18 ИИМдин Ички аскерлеринин 714 аскер бөлүгү эл аралык турнирде 1-орунду багындырды