Аралчада күрүч эгип жүргөн адам эки суткадан кийин куткарылды, – видео

Эки сутка аралчада калып калган жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынан 280 м3 суу Арал айылынан агып өткөн “Кара-Дарыя” дарыясына куят. Дарыянын тушундагы Кундузчу тилкесинде суунун деңгээли көтөрүлүп, калк өтө алгыс кырдаал түзүлгөн.

Суунун деңгээли көтөрүлгөн учурда дарыянын ортосундагы аралчада күрүч эгип жүргөн адам калып калган.

Окуя 11-майда орун алып, ӨКМге 12-май күнү куткаруу тууралуу маалымат келип түшкөн. Буга ӨКМден 11 куткаруучу тартылган. КР ӨКМдин орун басары Эделбек Кулматовдун жетекчилиги астында куткаруучулар кайык менен 60 жаштагы А.Н. аттуу жаранды жээкке алып келишкен.
Куткарылган жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, туугандары менен аман-эсен көрүштү.

Учурда анын абалы жакшы.