Болот Темиров аскердик билетин “уурдап алган” деген адам анын аскердик билетин эч ким уурдабаганын жар салды

Иликтөөчү журналист Болот Темиров аскердик билетти “уурдап алган” деген адам анын аскердик билетин уурдабаганын айтты. Бул тууралуу Болот Темиров өзү Телеграм каналына билдирди.

image 2 25 Болот Темиров аскердик билетин "уурдап алган" деген адам анын аскердик билетин эч ким уурдабаганын жар салды

«Биринчи бул ишти УКМКнын 5-чи кызматы иликтеген. Ал кызмат оппозиция жана бийликке каршы чыккандарды жок кылуу боюнча иш алып барат. Кийин алар ИИМге менин ишимди жүктөп коюшту. Баары документ жана дата боюнча да туура келбей жатат. Мен аскердик билетин уурдап алды деген адам анын билетин эч ким уурдабаганын айтууда», – деди ал.

Адвокат Замир Жоошев фейсбуке баракчасында билдиргендей, Аскер комиссариаты Болот Темировдун ишин тергеп жаткандарга уурдалган делген аскердик билет 28-августта 2001-жылы Керимбеков Адылбек Каныбековичке берилгенин жана ал альтернативалык кызмат өтөгөнү тууралуу маалымат беришкен.

image 2 24 Болот Темиров аскердик билетин "уурдап алган" деген адам анын аскердик билетин эч ким уурдабаганын жар салды

«Учурда Россиядагы Адылбек Керимбеков күбө катары суралган. Анда ал эч кандай альтернативалык өтпөгөнүн айткан. Ал Кой-Ташта 2001-жылдын 6-декабрдан тартып 2002-жылга чейин өтөгөнүн айткан», –деп билдирди жактоочу Замир Жоошев.