Бекешов ИИМдин орун басарынан Болот Темиров тууралуу жооп алды

Жаранды өлкөдөн чыгарып салууда, ал бара турчу өлкө менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөсүңөрбү? деген суроону парламент жыйынында депутат Дастан Бекешев ИИМдин башчысынын орун басары Нурбек Абдиевге салды.

“Биздин башка мамлекеттер менен жалпы макулдашууларыбыз бар. Эгер ал башка мамлекеттин жараны болуп, аны ошол өлкөгө жиберүү бизге жүктөлсө, биз аларга кабар беребиз”, – деп жооп берди 

Депутат Бекешевдин Кыргызстандан чет өлкөнүн жарандары чыгарылабы деген суроосуна Абдиев “ооба” деген жообун берди. 

Өткөндө өлкөдөн чыгарылган журналист Болот Темиров биздин жаранбы же жокпу деген суроону салды депутат.

“Ал боюнча соттун чечими чыккан. Анын алган паспорттору тергөө ишининин жүрүшүндө мыйзамсыз деп табылган. Ал Кыргызстанда төрөлгөн бирок, бала чагында эле Россияга барып, ал жактын жарандыгын алган”, – деп жооп берди Абдиев.

Депутат Бекешев өлкөдөн чыгарууга акыркы он айда жалпы канча каражат сарпталганына кызыкты.

Быйылкы жылдын эсебинен 13, ал эми 2021-жылы 19 башка мамлекеттин жарандары Кыргызстандан чыгарылган. Ал эми канча каражат сарпталганын кат жүзүндө жооп беребиз”, – деди орун басар Абдиев.

Андан соң депутат өлкөдөн чыгарылган жаранга үйүнө барып, буюмдарын, документтерин алууга убакыт берилеби? Балким ал кант диабети менен жабыркайт, дары-дармегин алууга жетишеби деп суроо салды.

“Соттун чечими чыгаар менен ал күчүнө кирет. Сиз айткан сунуштар жеринде каралып, эгерде жогорудагы муктаждыктар келип чыкса маселе чечилет, болбосо соттун чечими дароо аткарылат”, – деди Абдиев.

“Сиз азыр бардыгын соттун мойнуна жүктөп жатасыз, баары алардын чечимине жараша болот деп. Мен бир ишти эмес, бардыгын айтып жатам. Өзүңөр ойлонсңор, аба ырайына караш керек, акчаны алыш керек. Мыйзамда мүчүлүштүктөр бар, мыйзамдагы жол-жоболорду так жазыш керек”, – деди Бекешев.