Медер Алиев: Комитеттин төрагалыгынан кетүүмө Кемпир-Абад себеп болду

Депутат Медер Алиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагалыгынан алуу боюнча арыз жазды. Ал бул тууралуу 30-ноябрда парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ар бир чечимдин өз убактысы жана себеби бар.

“Бул чечимди мен өзүм кабыл алдым, мени эч ким мажбурлаган жок, майда-чүйдөсүнө чейин айтпай эле коёюн, Кемпир-Абад боюнча келишим себеп болду деп айта алам. Мен бир жыл комитетти жетектедим. Бир нерсени айта алам, мыйзамды бузбай, коррупциядан алыс болуп, татыктуу алып бардым деген ниеттемин. Депутат жана комитеттин төрагасы болуп туруп, мен өзүмдүн бир тууганымды мамлекеттик кызматка алып келген жокмун, тескерисинче, төрт тууганымдын бирөө мамлекеттик кызматта жүргөндүктөн, мен аны өз каалоосу менен кызматтан кетүүсүн сурангам. Бул тууралуу мени менен чогуу иш алып баргандар билесиңер”, — деди Алиев.

Олуттуу мамлекеттик деңгээлде саясатчы болом десең, сен сөзсүз түрдө орусиячыл же батышчыл болууң керек деген туура эмес түшүнүк бизде бар. Үчүнчү түшүнүк туура, кыргызчыл саясатчы болуш керек. Бизде да саясатчылар эки түргө бөлүнөт: бийликчил – бийликтин жакшы жагын да, жаман жагын да мактагандар, экинчи оппозициячыл – бийликтин туура кылганын да, туура эмес кылганын да сындагандар.

“Мен үчүнчү, жаңы муундун альтернативдүү ой жүгүртүүсү бар саясатчысы болгум келет. Тигил же бул жакты колдобой, Кыргызстандын кызыкчылыгын ойлогон”, – деди депутат.

Эске салсак, буга чейин Чыңгыз Айдарбеков Өзбекстан менен түзүлгөн келишимге байланыштуу эл аралык иштер боюнча комитеттин жетекчилигинен алынган.