“Мурда президент мэрди тандачу”: Тармактык комитет Бишкектин мэрин элге шайлатуу сунушун колдоду

Бүгүн, 14-марттагы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Демилгечилер – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.Акаев, Н.Алимжанова, Ф.Алимжанов, Ч.Айдарбеков, А.Исираилов, Г.Молдобекова, Э.Жамгырчиев.

Депутат Жанарбек Акаев мыйзам долбоорунда борбор калаанын мэрин тикелей шайлоо институтун киргизүү сунушталып жатканын белгиледи.

«Борбор калаанын мэрин түз шайлоо институтун киргизүү чыныгы демократияны орнотууну жана элдик бийликтин конституциялык принциптерин ишке ашырууну камсыздоого багытталган олуттуу саясий чечим болуп саналат жана башкаруу системасын өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт. Борбордун жашоочулары жетекчисин тикелей шайлоо аркылуу шаарды башкарууга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Келечекте бул тажрыйбаны республиканын бардык шаарларына жайылтууга болот», — деп баса белгиледи Жанарбек Акаев.

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова бул мыйзам долбоорун колдой турганын белгиледи. «Борбордун мэрин шайлоо туура сунуш. Бул сунуш зарыл жана актуалдуу», — деп кошумчалады Гуля Кожокулова.

Ал эми эл өкүлү Дастанбек Жумабеков мыйзам долбоорунда Бишкек шаарынын мэрин шайлоонун жана кайра чакыртып алуунун жол-жоболору так көрсөтүлүшү керектигин, ошондой эле тиешелүү бардык мыйзамдар каралышы керектигин айтты. Депутат Мейкинбек Абдалиев Бишкек жана Ош шаарлары республикалык маанидеги шаарларга кирерин эске салып, Ош шаарынын мэрин шайлоо маселесин кароо керектигин кошумчалады.

Комитеттин жыйынында ошондой эле “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоору жөнүндө экинчи окууда жактырылды. Демилгечилер — Жогорку Кеңештин депутаттары Ж.Акаев, Н.Кадырбеков, М.Маматалиев, Н.Алимжанова.