Эмгек министрлиги менен «ИМАН» кайрымдуулук ислам фонду меморандумга кол коюшту

13-14-мартта Бишкекте Кыргызстандагы биринчи “IBIF 2023” Ислам инвестициялык форуму (Islamic Business and Investment Forum) өз ишин баштады. Форум Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн ортосундагы социалдык-экономикалык, маданий жана руханий өз ара аракеттенүүнүн негизги аянтчасы болуу максатын көздөйт.

«IBIF — 2023» Ислам инвестициялык форумунун алкагында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен «ИМАН» кайрымдуулук ислам фонду тарабынан өз ара кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлганы айтылды.

Кол коюуга Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жана «ИМАН» кайрымдуулук ислам фондунун Президенти Мурад Секакмия катышкан.

Бул Меморандум тараптардын ортосундагы узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жардамга муктаж, социалдык жактан корголбогон жарандардын категорияларына багытталган кайрымдуулук ишин жүзөгө ашыруу ниетин көздөйт.

Анда Кыргыз Республикасынын жарандарынын социалдык жактан аялуу категорияларына гуманитардык колдоо көрсөтүү жаатында кызматташуу менен Социалдык стационардык мекемелерде болуу шарттарын жакшыртуу, калктын социалдык аялуу категориялары үчүн социалдык үйлөрдү жана реабилитациялык борборлорду куруу, ошондой эле протездик — ортопедиялык кызмат көрсөтүүчү мекемелерди жабдуу жана оңдоо жагдайлары да каралган.