Жеңишбек Токторбаев: “Прокуратурадагылар “монстрга” айланды”

Прокуратурада коррупция күч алды. Бул тууралуу депутат Жеңишбек Токторбаев («Ата Журт», Кыргызстан) 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында.

Эл өкүлү бул боюнча ага шайлоочулары ага кайрылганын билдирди.

“Бир беренени башкасына өзгөртүү үчүн прокурорлор ар бири 10 миң доллардан алышат. Муну сөзсүз түрдө эске алышыбыз керек. Тергөө прокуратурага кошулгандан кийин алар “монстрга” айланды. Башкы прокурорду чакыралы. Анын ишмердүүлүгүн текшерүү зарыл”, – деди Токторбаев.

Белгилей кетсек, буга чейин жыйын учурунда депутат Шайлообек Атазов да Башкы прокуротурадагы коррупция боюнча да маселе көтөргөн.