Нуржигит Кадырбеков: “Улуттук Банк элди ачык эле тоноп жатат”

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйынга чогулду. Парламенттин жыйынына жалпысынан 60 депутат катышууда.

Анда эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков (“Ыйман Нуру”) Улуттук Банктын төрагасын парламентке чакыруу сунушун берди.

“Каракчылар бекинип, жүздөрүн жашырынып элди тонойт, бирок ачык эле тоногон институт бар ал – банк болуп калды. Азыр курстардын жазылган баасы менен иш жүзүндө алмашылган баасы башка болуп жатат. Бул көз көрүнө мыйзам бузуу, адамдардын бетине түкүрүү.

Мурда 1000 доллар Орусиядан жөнөтсө бул жактан 1000 доллар алчу, ал эми азыр 1000 доллар же евро жөнөтсө 970 алып калып жатат. Үч пайыздан жөн эле кармап калып жатат. Парламентке Улуттук Банктын төрагасын качан гана чакырбайлы “тил эмизип” кетет. Доллар жетишпей жатат деген баягы эле шылтоосун айтат”, – деди Кадырбеков.

Улуттук Банктын төрагасын парламентке чакыралыбы же өзүңүз сүйлөшөсүзбү деп кайрылды Кадырбеков өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытовго.

Ошондой эле, эл өкүлү Улуттук Банктагы алтынды депутаттар барып көрүп кетүү сунушун да киргизди.

Буга кесиптеши Жусупбек Коргонбай уулу да кошулуп, борбор калаадагы валюталарды тиешелүү органдар көзөмөлгө алуу керектигин билдирди.