«Сорос-Кыргызстан» фондунун директору кызматынан кетти

“Сорос-Кыргызстан” фондунун аткаруучу директору Шамил Ибрагимов кызматынан кетет. Бул тууралуу уюмдун Твиттердеги баракчасында маалымдалды.

Шамил Ибрагимов 2023-жылдын 1-январында карьерасынын жаңы барагын баштоо үчүн кетип жатканын жазган.

Белгилей кетсек, Шамил Ибрагимов 2012-жылдан бери «Сорос — Кыргызстан» фондунун аткаруучу директору болуп иштеп келген.

soros «Сорос-Кыргызстан» фондунун директору кызматынан кетти