Сүлүктүдөгү көмүрдө Тажикстандын жарандары мыйзамсыз жашап, иштеп жатканы аныкталды

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы көмүр кампаларынын биринде Тажикстандын жарандары мыйзамсыз жашап, иштеп жатканы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

29-апрелде Сүлүктү шаарында мыйзамсыз эмгектенип жүргөн Тажикстандын Согди облусунун Жаббар-Расулов районунун Коргончо айылынын 11 тургуну кармалган.

Бул факты боюнча УКМК 30-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) менен кылмыш иш козгогон.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, учурда сурак берип жатат.