
Бишкек шаарынын Дзержинск көчөсүндөгү үйлөрүндүн биринен жылан чыкты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган даректеги турак үйдүн ичинде жылан бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 5 куткаруучу тартылып, жыланды кармашып коопсуз жайга коё беришкен.
Кайсы түрдөгү жылан экени жана көлөмү туурасында маалымат айтылган эмес.