“Семичкени алып берем деп”: Караколдо айдоочу алаксып кетип, эки кичинекей кызынан ажырады

Бул тууралуу ЖКККББнын Басма сөз кызматы Вulak.kg редакциясына билдирди.

4-май күнү саат 15:20 чамасында Каракол шаарынын Ленин көчөсүнүн № 175 үйүнүн тургуну 1974-жылы туулган Ю.Ф. өзүнө тиешелүү оң рулдуу «Тойота-эстима» (минивэн) унаасы менен Каракол шаарынын Кадыр Аке көчөсү менен түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, «Чебер» дүкөнүнүн тушунан рулду башкара албай калып, жолдун күн чыгыш тарабындагы бордюрду сүзүп, ала салып кетип, жол кырсыгына учураган.

Себеби, айдоочунун айтымында, кызы түшүрүп алган пакеттеги семичкени алып берем деп, унааны башкарууда алаксып калган. Натыйжада, автоунаанын жүргүнчүлөрү айдоочунун кыздары 2015-жылы туулган Ю.Н. окуя болгон жерде, 2020-жылы туулган Ю.Р. дубандык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө, алган жаракаттарынан улам каза болушкан.

9b840c52 1407 4d3b ac2a dae0d18bc9b0 "Семичкени алып берем деп": Караколдо айдоочу алаксып кетип, эки кичинекей кызынан ажырады


Ал эми аталган унаанын айдоочусу Ю.Ф. жана анын жүргүнчүлөрү 2011-жылы туулган Ю.С. менен 2013-жылы туулган Ю.З. дене жаракаттарынан улам дубандык оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылышкан.
ЖКККББы жол кыймылынын бардык катышуучуларына эскертет: Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Бардык жол кыймылынын катышуучулары Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек.