Кызыл-Адыр айылында турак үйдөн өрт чыкты

Талас облусунун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, өрт чыккан үйдө күйүүчү май сатылган.

Учурда өрт чектөөгө алынган, жана аны толук өчүрүү аракети жүрүп жатат.