4-майдан 24-майга чейин Сүйүнбаев көчөсү жабылды

Бишкекте 4-майдан 24-майга чейин Сүйүнбаев көчөсүнүн Чүй проспектисинен Огонбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине жабылды. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Маалыматка ылайык, «АкНазЭлбилдинг» подряддык ишканасы жылуулук камерасын куруу менен жеринде жылуулук тармагын тартат. Учурда унаалар өтүүчү альтернативалык жолдор Гоголь жана Осмонкулов көчөлөрү болот.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, алдын ала жол каттамын ойлонуштуруп алууга чакырат.