УКМК: Сузакта мыйзамсыз диний билим берүүчү борбору жабылды

Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 16-февралында КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жарандарды экстремисттик жана террористтик аракеттерге тартуунун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралардын алкагында, Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Мундуз айылындагы “Чолпонай” диний билим берүү борборунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду. 
"Текшерүү иштеринин жыйынтыгында, бул диний окуу борбору 2022-жылдын ноябрында, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" 8, 10-беренесин бузуу менен негизделгени аныкталган. 
Диний борбордо үч мугалим эмгектенип, 30га жакын жергиликтүү тургундар (аялдар) билим алышкан. Сабактар жумасына эки жолу өткөрүлүп, алар Курандын негиздерин жана исламий укук илимин үйрөтүшөт. Ошол эле учурда мугалимдердин жогорку диний билими жок болуп чыккан", - деп айтылат маалыматта.
Текшерүүнүн жыйынтыгында диний окуу борборунун ишмердүүлүгү токтотулуп, Кыргыз Республикасынын 142-кодексинин 1-бөлүгү “Укук бузуулар жөнүндө” беренесине ылайык тиешелүү актылар түзүлүп, 5500 сом өлчөмүндө айып салынды.
WhatsApp Image 2023 02 22 at 08.39.04 УКМК: Сузакта мыйзамсыз диний билим берүүчү борбору жабылды