ИИМ: Ош шаарында мыйзамсыз дары-дармектерди рецептсиз саткан дарыканалар аныкталды

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет. Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын кызматкерлери түшкөн ыкчам маалыматтын алкагында Ош шаарында үч дарыкананы аныкташты. Алардын кызматкерлери калк арасында таасири күчтүү дары-дармектерди рецептсиз сатышкан.
“Бардык үч факты тең Ош шаарынын ИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталган.
Мындан тышкары, борбордук базардын аймагында жайгашкан дарыкана бул дары-дармектерди сатууга лицензиясы жок экендиги аныкталган. Дары-дармектер жеке пайда алуу максатында коңшу дарыканадан сатып алышкан.
Дарыкана кызматкерлери 1991-жылы туулган А.А. жана 1987-жылы туулган К. М. кармалган жана тергөө кызматына жеткирилген”, деп айтылат маалыматта.
Бардыгы болуп психотроптук заттарды камтыган 94 капсула, 82 флакон дары-дармек каражаттары алынган.
Эске салсак, буга чейин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматтын демилгеси менен фармацевтикалык компаниялардын жетекчилеринин катышуусунда калк арасында таасири күчтүү заттарды камтыган дары-дармектерди рецептсиз сатууга жол бербөө боюнча кеңешме өткөрүлгөн.
Дарыгердин көрсөтмөсү жок ар кандай дары-дармектерди колдонуу ден соолукка олуттуу зыян келтирет!

WhatsApp Image 2023 02 22 at 08.23.08 ИИМ: Ош шаарында мыйзамсыз дары-дармектерди рецептсиз саткан дарыканалар аныкталды
WhatsApp Image 2023 02 22 at 08.23.10 ИИМ: Ош шаарында мыйзамсыз дары-дармектерди рецептсиз саткан дарыканалар аныкталды