“Качып кетеби?”: Ооруканада жаткан алсыз аялды орган кызматкерлери кайтарууда

Журналист Жазгүл Ибраева фейсбук баракчасында наркоздон кийин, ооруп жаткан аял боюнча маалымат бөлүштү. Бирок, ошого карабастан орган кызматкерлери аны кайтарып жатканын билдирди. “Тамара Ниязалиева эже бел омурткасынан жабыркап келет. Ахыбалы абдан начар, өз алдынча кыймылдай албайт, аны кароого бир адам керек”, – дейт журналист.

Тамара Ниязалиева жетимиш жашта. Ал Балыкчы шаарынын тургуну. Ага карата “Алдамчылык” боюнча доо арызды Д.Догочиев жазганы маалым болду. Ниязалиева бул боюнча Акыйкатчыга да кайрылган.

“Ооруканада жаткан алсыз аялга гана алы жеткен органдар!

Көзүңөрдү ачкыла ИИМ, Прокуратура!

Балык чарбасындагы карапайым элдин энчисин алып, алардын укугун 10 жыл күрөшүп, бүт ден соолугун берген ушул Д. Ниязалиева деген эжеге боорум ооруп жатат. Өткөндө башкы прокуратурага плакат көтөрүп акыркы үмүт менен барып киришти эле. Минтип алар карапайым элди коргогон эжеге өтө тездик менен тескерисинче күнөө илгени жатышканын угуп түңүлүп олтурам.

Акыйкат, эл үнү, мыйзамсыздыкты уруп ойнобой жатышкандай болуп калат экен. Демек бул ишке өтө таасирдүү ИИМДе, прокуратурада, ЖКда да кызыктар адамдар бар. Байкуш реанимацияда жаткан эжени Чүй облусунун тергөөчүсү кайтарып олтурганы эмнени каңкуулайт.

Өлкөгө чоң зыян алып келген адамдарга кылмыш ишин ача албай, бир карапайым, болгондо да күбө гана катары өтүп жаткан алсыз аялга барып, ооруканада кайтарып отургандары уят!”, – деп жазды ал