Красная Горка – Акташ жолу жабылды

Чаткал районундагы Красная Горка – Акташ жолу аба ырайы жакшырганга чейин жабылды. Бул тууралуу КР Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул аймакта кардын калыңдыгы 50-60 см жетет. Жолдун 1-чакырымынан 4-чакырымына чейинки бөлүгүндө кар көчкү түшүшү мүмкүн. «Кыргызавтожол» МИнин №27 ДЭП кызматкерлери жолду кар күрткүлөрүнөн жана таштандылардан тазалап, инерттүү материалдар менен чачышууда.