Кыргыз-өзбек чек арасында эки тоннель аныкталды

Өзбекстандын Анжиян облусунун Коргонтөбө районунда Өзбексатан менен Кыргызстанды байланыштырган эки тоннель аныкталды. Бул тууралуу Өзбестандын kun.uz сайты жазды.

Маалыматка караганда, аталган тоннелдер аткезчилик жүктү, акча чыгаруу жана башка кылмыштык максаттарда колдонулуп келген. Алардын узундугу 150-200 метр, туурасы 60 см жана бийиктиги 1,5 метрди түзөт.

«3 жана 9-февралда Кыргызстандын Ош облусунан Өзбекстандын Коргонтөбө районуна мыйзамсыз өткөн адамдар кармалган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, алар Өзбекстанга жер алдында казылган эки тоннель менен өтүп келгени белгилүү болгон», — деп айтылат маалыматта.

Учурда Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 223-беренеси (Өзбекстанга мыйзамсыз кирүү же чет өлкөгө мыйзамсыз чыгуу ) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.