Чүйдө төрт эм жарык дүйнөгө келди

Фото иллюстративное

Чүй облустук бириккен ооруканасынын төрөт үйүндө төрт эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ымыркайлардын энеси 29 жашта. Балдар кесарево жолу менен төрөлгөн.

«Салмагы 2 килограмм 494 грамм, 2 килограмм 48 грамм, 2 килограмм 218 грамм жана 2 килограмм 432 грамм болгон уул жана үч кыз төрөлдү», – деп айтылат башкармалыктын маалыматында.

Балдардын жана эненин абалы канааттандырарлык.