Актвист Мамбетжунус Абылов ооруканага жаткырылды

Кемпир-Абад иши боюнча №1 тергөө абагында камакта отурган Мамбетжунус Абылов дарылануу үчүн Улуттук госпиталга которулду. Бул тууралуу  Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал ооруканага 7-февралда которулган.

«Ал пландык тартипте, Улуттук госпиталдын урологиялык борборунун сунушу боюнча ооруканага жаткырылган», — деп билдиришти аталган кызматтан.