“KYRGYZ COMMUNITY CENTER”: “Мекендешим, кош келдиң” аттуу кайрымдуулук акциясына катышкыла!

“KYRGYZ COMMUNITY CENTER”дин “Мекендешим, кош келдиң” деген аталыштагы жаңы долбоору старт алды.

Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.

“Өзүңүздөргө маалым болгондой эле акыркы убакта АКШга, анын ичинде Чикаго шаарына кыргыз мекендештерибиздин көчү көбөйгөнүн байкасак болот. Чикагого жаңы кадам баскан мекендешибиз, ар тараптуу укуктук, каржылык жана социалдык жардамга муктаж”, – деп айтылат маалыматта.

АКШга келген мекендештердин дээрлик көпчүлүгү эч бир ашыкча буюму жок, бир сыйра кийими менен Чикагого келип жатышат.

“Биз сиздердин колдооңуздар менен демилге көтөргүбүз келип жатат. Келгиле достор, үйүбүздөгү колдонбогон, бир четте турган эркек, аял жана жаш балдарга тиешелүү кийим-кечектерди, оюнчуктарды, идиш-аяктарды, эмеректерди жана башка күндөлүк керектелүүчү буюмдарды “Harvest International Market”ke чогултуп, муктаждыгы болгон мекендештерибиздин керектөөсүнө акысыз суналы!”, – дешти аталган борбордон.

Бул демилгени ишке ашырууга кызыктар ыктыярчылар болсо, иштешүүгө даярбыз!

-Сиз берем деген буюмуңузду эртең мененки саат 9дан кечки саат 6га чейин “Harvest International Market”ke таштап кетсеңиз болот. Же болбосо, бизге кайрылсаңыз, сиздин үйгө авто ууна жиберебиз.

-Биз топтолгон буюмдарды иреттеп, полкаларга жайгаштырып чыгабыз.

-Топтолгон буюмдар элдин колдонуусуна сунулат. Кимге эмне керек болсо, келип тандап, муктаждыгына жараша акысыз алып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк жаралат.

Бул кызматыбыз мындан ары юридикалык жана психологиялык жардамдар менен уланат.

Бере турган буюмуңуз же кандайдыр бир буюмга муктаждыгыңыз болсо төмөндөгү телефонго кайрылышыңызды суранабыз: 7737669648

Kyrgyz Communıty Center”дин мүчөлөрү Мирланбек Нурматов, Нурбек Аматов жана Абдрасул Исаков