Өлкөдө 25 мал союучу жай убактылуу жабылды

Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун сактоо максатында үстүбүздөгү жылдын 11 айынын ичинде 93 мал союучу жай текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматынын директорунун орун басары Чыңгыз Шейшенбаев билдирди.

Анын айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгында 25 жайга эскертме кагаздары берилип, бир айлык мөөнөт коюлду.

«Ветеринардык-санитардык нормаларга туура келбеген жайлар убактылуу жабылды. Ветеринардык кызматтын бирден бир максаты – бала бакчадан баштап, аскерлерибизге чейин сертификациядан өткөн гана мал союучу жайдын эти менен камсыз кылуу. Андыктан 2023-жылы Кыргызстандын ар бир районунда чакан жана талапка жооп берген мал союучу жай куруунун пландап жатабыз”, — дейт ал.

Шейшенбаев буга чейин мал союучу жайларды текшерүүгө мораторий киргизилип, текшерилбей келгенин белгилеп өттү.

“Быйыл уруксат берилип, ушул жылдын үчүнчү жана төртүнчү кварталында жер-жерлерди кыдырдык. Белгилей кетсем, азыр бала бакча, мектеп, оорукана жана башка тармактар этти бир гана мал союучу жайдан алышы керек деген талап коюунун үстүнөн иштеп жатабыз. Элдин ден соолугун алдын алуу үчүн ушундай кадамдарга барып жатабыз”, — деди Шейшенбаев.

Министрликтин ички ветеринардык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Тилек Таабалдиев аталган жайларга берилген мөөнөт 25-декабрда бүтөрүн белгилейт.

“Пландык текшерүүлөр боюнча, 661 объект текшерилип, 340 миң сомго айып пул салынды. Иш-чара мал союучу жайларды жакшыртуу максатында өткөрүлүүдө”, — деди Таабалдиев.

Ветеринардык-санитардык нормаларга жооп бербей, жашоочуларга экологиялык зыян тийгизип жатканы үчүн төмөнкү жерлерде мал союучу жайлар убактылуу жабылган:

Баткен облусунда 1 мал союучу жай;
Жалал-Абад облусунда 5;
Ош облусунда 9;
Нарын облусунда 1;
Ысык-Көл облусунда 3;
Чүй облусунда 1;
Бишкек шаарында 1;
Ош шаарында 4.