Эдил Байсалов манасчы Дөөлөт Сыдыковду “наадан” деп атады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов манасчы Дөөлөт Сыдыковду “наадан” деп атады.

 Учурда Эдил Байсалов бул айткан сөзү боюнча комментарий бере элек. Бирок министрдин айткан сөзү социалдык тармакта катуу талкууга алынып, көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратууда.

Эске салсак, буга чейин “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин директору Дөөлөт Сыдыков Кыргызстандан чыгып кеткени айтылган.

Дөөлөт Сыдыков “Манас айылынын” айланасындагы окуяларга байланыштуу өзүнө коркутуулар болуп жатканын билдирген.