УКМК Баткендеги стадиондогу асфальт төшөө иштерине байланыштуу жагдайды көзөмөлүнө алды

УКМК Баткендеги асфальт төшөө иштерине байланыштуу жагдайды көзөмөлүнө алганын билдирди. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, борбордук стадионду реконструкциялоонун алкагында фирма тарабынан асфальт төшөө иштери жүргүзүлгөн. Бул иштер технологиялык талап бузуу менен аткарылганы айтылат.

«УКМК бул абалды көзөмөлгө алып, асфальт төшөө иштерин тийиштүү текшерүү жүргүзүүдө», — деп жазылган атайын кызмат тараткан маалыматта.

Буга чейин Баткен шаарынын борбордук стадионуна жаңы эле төшөлгөн асфальтты чөп басып кеткен сүрөттөр социалдык тармактарга жарыяланган.