“Президенттин администрациясы” командасы “Жогорку Кеңеш” командасын жеңди

Бишкекте футбол боюнча “Мурас” салттуу достук мелдешинин финалдык оюну өттү.

FB IMG 1651642566239 1024x777 1 “Президенттин администрациясы” командасы “Жогорку Кеңеш” командасын жеңди

Кыргыз футбол бирикмеси жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган мелдеш 4-5-майда “Газпром” ден соолукту чыңдоо комплексинде болду.

Достук мелдешинин финалында “Президенттин администрациясы” командасы “Жогорку Кеңеш” менен оюн талаасына чыкты.

Беттеш Садыр Жапаровдун голу менен (7:3 эсебинде) жыйынтыкталып, “Президенттин администрациясы” командасы жеңүүчү аталды.

“Президенттин администрациясы” командасы “Жогорку Кеңеш” командасын жеңди

Ал эми үчүнчү орунду “Алга” командасы ээлесе, төртүнчү орунга “Ыйман” илинди. Бул ирет чемпиондук наам үчүн ар тармактын кызматкерлеринен турган 12 команда күрөштү.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 17-декабрында кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футзал боюнча достук оюну өткөн. Анда биринчи орунду маданият ишмерлеринин “Өнөр” командасы, экинчи орунду футбол ардагерлеринин “Алга”, ал эми үчүнчү орунду мамлекет башчысы Садыр Жапаров башында турган “Президенттин администрациясы” ээлеген.