27 жаштагы кыз «Достук» мейманканасынын 7-кабатынын балконунан кулап кетип, көз жумду

Бишкекте 3-майда 27 жаштагы кыз белгисиз жагдайда «Достук» мейманканасынын 7-кабатынын балконунан кулап кеткен. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал 1995-жылы туулган М.И. аттуу кыз болгон. Ал алган жаракатынан улам тез жардам келгенге чейин ошол жерден каза болгон.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.