9-майда Бишкекте “Өлбөс полк” акциясы болот, – мэр

9-майда Бишкекте “Өлбөс полк” акциясы өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, акыркы эки жылда эпидемиялык кырдаалга байланыштуу акция онлайн өткөрүлүп келген, ал эми бул жылы акция кадимки тартипте өтөт.

Ал мэрия иш-чараны уюштуруу иштери менен алектенип жатканын белгиледи.