Бишкектин мэри: Жыл аягына чейин 500гө жакын автобус пайда болот

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жыл аягына чейин Бишкекке канча жана кайсы автобустарды алуу пландалып жатканын маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жыл аягына чейин шаарда жаңы 500гө жакын автобус пайда болот.

«Учурда 120 электробус сатып алынууда, тендерлер ратификациядан өттү. Андан тышкары, Европа реконcтрукциялоо жана өнүктүрүү банкы 140 газ маторлуу кичи маршрутка сатып алат.

Ошондой эле мэрия 1 миллиард сомго заманбап жапыз кабаттуу автобустарды алууну пландоодо. Аны менен катар өкмөт 150-200 автобус сатып алууга көмөк көрсөтүүнү пландоодо», — деди ал.