Эмилбек Абдыкадыров таштанды жайга бөлүнгөн 22 миллион евронун жарымы эле калганын билдирди

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров таштанды жайга бөлүнгөн 22 миллион евронун учурда теңи гана калганын, калган жарымы кайда жумшалганын териштирип-иликтөө үчүн Эсептөө палатасы аудит жүргүзүп жатканын маалымдады.

Анын айтымында, ал дагы шаар тургуну катары таштанды иргөөчү заводдун шаарда пайда болушун каалайт, ошондуктан бул маселе мэр катары анын артыкчылыктуу маселеси.

«2017-жылы 50%ы кайтарымсыз жардам катары келген жана 50%ы насыяга берилген 22 млн евро бөлүнгөн. Азыркы учурда бул акчанын ичинен 11 млн евро калган. Социалдык тармактарда бөлүнгөн каражаттын жарымы натыйжасыз колдонулганын айтып талкуулар болуп жатат.

Азыр аудиттин корутундусу бар, ооба, бул долбоорду координациялоо болгон эмес. Бирок ошентсе да, биз көбүрөөк каржылоону күтпөйбүз, калган акча менен таштанды ташуучу унааларды инфекцияны жайылтпаш үчүн дезинфекциялоо жагынан тартипке келтирүүнү каалайбыз.

Ошондой эле таштандыларды иргөөчү линияны түзүүнү пландап жатабыз, андыктан полигон маселеси 30%га чечилет», — деди ал.