Next TV каналынын директору Таалай Дүйшембиевдин бөгөт чарасында видео тартууга уруксат берилген жок

0
19

Бүгүн, 28-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Next TV каналынын директору Таалай Дүйшембиевдин бөгөт чарасы каралып жатат.

Сот процессти видеого тартууга уруксат берилген жок.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Таалай Дүйшембиевди 3-мартта камаган. Ушул эле күнү телеканалга “улуттар аралык кастыкты козутту” деген берене менен кылмыш иши козголуп, телеканалдын кеңсесине мөөр басылган.

Атайын кызмат каналдын социалдык желедеги баракчаларында Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабарды тараткан деп жүйө келтирүүдө.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.