Айсулуу Тыныбекова машыгууларды кайрадан баштады, – Нурбек Изабеков

Азия чемпионатынын финалында алган жаракатына карабай, Айсулуу Тыныбекова машыгууларды кайрадан баштады. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курамасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков билдирди.

«Айсулууну дарыгерлер текшерип, калыбына келтирүү курсун жазып беришкен. Ал эки жумада толук айыгат. Бирок, азыр Айсулуу машыгып жатат.

Бир гана буту жабыркап, ал жалпысынан булчуңдарды чыңдоо үчүн иштейт, формасын сактап турат”, — дейт машыктыруучу.